Радио

Айдаралиева: пенсионерлерди жумушка алуу сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзада Айдаралиева улгайган жарандар тууралуу мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
БУУнун жаш курактык классификациясына ылайык, 2030-жылдары Кыргызстан калкынын жети пайызын улгайган жарандар түзүп калат. Бул көрсөткүч сегиз пайызга жеткенде калк картайып бараткан коом катары эсептелет. Ушуга байланыштуу биздин министрлик карыялардын узак жашоосун камсыздоо жана өнүктүрүү максатында мыйзам долбоорун сунуштоодо. Бул тууралуу Гүлзада Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-январына карата алынган маалыматка ылайык, 65 жаштан өткөн жарандардын саны калктын беш пайызын түзөт.
"Бириккен Улуттар Уюму калктын жаш курактык классификациясын жүргүзүп турат. Ага ылайык, 2030-жылдары биздин өлкөдө 65 жаштан жогорку жарандар жети пайызга жакындайт. Бул көрсөткүч сегиз пайызга жеткенде калкы улгайып бараткан жарандары көп мамлекет болуп эсептелет. Мындай учурда карыялардын социалдык жашоосун жакшыртуу, аларга ар тараптуу шарттарды түзүү жана активдүү жашоого үндөө менен, иш тажрыйбаларын колдонуу, жаштардын моралдык жашоосун жакшы багыттарга үндөө жаатында алардын насыяттарын жеткирүү боюнча иштер аткарылышы зарыл. Ошондуктан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жаңы мыйзам долбоорун сунуштоодо. Анда пенсия курагындагы адамдарды жумушка тартуу дагы каралган. Тактап айтканда, аларды штатка кызматка алып, белгилүү бир убакыт иштетүү эмес, эркин графикте кеңешчи, эксперт сыяктуу кызматтарга тартуу. Алардын тажрыйбасын колдонуу менен ошол мекеменин ишинин сапатын арттыруу. Мындан сырткары, жаштардын жашоого болгон моралдык көз караштарынын калыптануусунда да илгертен эле карыялардын орду чоң болуп келген. Мына ушул багытта да механизмдерди иштеп чыгып, долбоорлорду ишке ашыруу, табигый кырсыктар учурунда карыяларга өзгөчө жардам берүү беренелери бар. Ошондой эле пенсия курагындагы жарандар эгер өздөрү кааласа квалификациясын алмаштыруу боюнча түрдүү курстардан окутуу, ишкерлик багытында колдоо көрсөтүү да сунушталууда", — деди Айдаралиева.
Адис мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турганын кошумчалады.