УКМК: кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкты

Окуя Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө болгону айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Окуя Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө болгон.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10.50лөр чамасында Тажикстандын чек арачылары мурда белгиленген маршрутунан чыгып, башка аймакта туруп, ал жерден кыргызстандык чек арачылардын кетүүсүн талап кылышкан.

"Тажикстандын чек арачыларына кошумча кызматкерлер тартылган соң, көптүк кылып дагы башка аймактарга өтүүгө аракет кылган. Бирок Кыргызстандын чек арачылары буга тоскоолдук кылып, жыйынтыгында атышуу башталган. 10 мүнөткө созулган атышуу учурунда Кыргызстан тараптан жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол замат эки тараптын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды ырбатпай, жөнгө салуу боюнча макулдашты. УКМК билдиргендей, Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгү. Бирок факты жүзүндө кыргыз жарандары пайдаланып жүрөт. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок