Ким Чен Ын: АКШ аскерлери боюнча маалымат чогултчу спутник учурдук

5-март күнү Түндүк Кореянын Космосту өздөштүрүү башкармалыгы чалгындоочу спутнигин сыноодон өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын чалгындоочу спутникти ишке киргизгенин, ал АКШнын аймактагы аскерлери тууралуу маалымат чогултарын айтты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Известия" жазды.
"Ким Чен Ын жакында спутник сыноодон өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында видео жана сүрөттөрдүн сапатына ыраазы болгонун айтты", — деп жазылат кабарда.
5-март күнү Түндүк Кореянын Космосту өздөштүрүү башкармалыгы чалгындоочу спутнигин сыноодон өткөргөн. Бул үчүн баллистикалык ракета учуруп, ал тууралуу маалыматтарды кантип алып берерин байкаган.
Ошол күнү Түштүк Кореянын бийлиги Пхеньян тараптан белгисиз снаряд учурулуп, Япон деңизине түшкөнүн айтып чыккан. Алардын маалыматы боюнча, ракета 560 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, 270 чакырымга жеткен.
Түндүк Корея дагы ракета учуруп, Япония менен Түштүк Кореянын жүрөк үшүн алды