Радио

Асылбекова: соттук экспертизаны жеке тараптардын да жүргүзүүсү сунушталууда

Юстиция министрлигинин өкүмдөрдү аткаруу, пробация жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Асылбекова соттук экспертизаны жүргүзүүдө сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жеке эксперттерге изилдөө жүргүзүүгө жана алардын натыйжасын сотто алып чыгууга уруксат берүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Айзада Асылбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору мыйзамдарды инвентаризациялоонун жана Конституцияга ылайык келтирүүнүн алкагында даярдалды.
"Соттук экспертиза далилдин бир түрү, айрым учурларда соттук процесстин жалгыз далили болуп саналат. Анын негизинде тергөө, ошондой эле соттордун көпчүлүк чечими кабыл алынат. Статистикага ылайык, соттук эксперттердин иши нормадан 2,5 эсеге жогору экени аныкталган. Өзгөчө курулуш-техникалык, экономикалык, автотехникалык, лингвистикалык, дин таануу, компьютердик-техникалык экспертизаларга жана материалдарды, заттарды, буюмдарды криминалистикалык экспертизалардын татаалдыгына байланыштуу узак убакытта жүргүзүлөт. Мыйзамга ылайык, атайын билими бар адамдар тарабынан бир жолку экспертиза жүргүзүлүшү ыктымал. Ушуга байланыштуу соттук эксперт болуп саналбаган адамдарга экспертиза жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталууда. Ага ылайык, сот процессинин катышуучулары экспертизаны өз алдынча келишимдик негизде жүргүзүүгө мүмкүндүк алат. Мындай учурда экспертиза жүргүзүү тууралуу билдирүү прокурорго, тергөөчүгө маалымдалат. Алар зарыл болгондо экспертке кошумча суроолорду жөнөтөт", — деди Асылбекова.
Ошондой эле ал жактоочу тараптын өтүнүчү боюнча берилген эксперттин корутундусу эки нускада түзүлүп, анын бири тергөөчүгө жөнөтүлө турганын кошумчалады.