Россияда Apple сыяктуу 59 чет элдик компанияны улутташтыруу сунушталууда. Тизме

Павлов белгилегендей, чет элдик бизнес Россиядагы ишканасын жөнү жок жаап коё албай тургандыгы боюнча бийликте бирдиктүү позиция калыптанды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиянын өкмөтү менен Башкы прокуратурасына РФ аймагындагы ишин токтоткондугуна байланыштуу улутташтырууга мүмкүн болгон чет элдик компаниялардын тизмеси жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Известия" басылмасына "Коомдук керектөө демилгеси" уюмунун жетекчиси Олег Павлов билдирди.
Анын айтымында, азырынча тизмеде 59 компания бар. Бирок ал чет элдик бизнестин билдирүүлөрүнө жараша өзгөрүп турат. Учурда документке киргендер: Volkswagen, Apple, IKEA, Microsoft, IBM, Shell, McDonald's, Porsche, Toyota, H&M ж.б.
"Бул тизме менен Өнөр жай жана соода министрлиги, Роспотребнадзор жана укук коргоо органдары өз ыйгарым укуктарынын алкагында иштемекчи. Тизме ачык болот. Россиялык керектөөчүлөргө кепилдик бербестен рыноктон кетүүнү жарыялаган компаниялар тизмеге киргизилет жана аларга карата административдик, кылмыш жана соттук процедуралар колдонулат", — деди ал.
Уюмдун жетекчиси белгилегендей, чет элдик бизнес Россиядагы ишканасын жөнү жок жаап коё албай тургандыгы боюнча бийликте бирдиктүү позиция калыптанды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ өкмөтү экономиканы турукташтыруу үчүн иш-чаралар планын иштеп чыкты