Россиядан кээ бир товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Тизме

Тизмеге жалпы жонунан товардын 200 түрү кирген. Кээ бир мамлекеттерге бул эреже иштебейт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. РФ өкмөтү Россияга чет өлкөдөн мурда кирген товарлар менен жабдууларды сыртка чыгарып кетүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тизмеге технологиялык, телекоммуникациялык, медициналык жабдыктар, транспорт каражаттары, айыл чарба техникалары, электрондук аппаратуралар кирген. Жалпы жонунан товардын 200 түрү бар. Мындан тышкары, темир жол вагондору, локомотивдер, контейнерлер, турбиналар, металл менен ташты иштеткен станоктор, мониторлор жана панелдер кирди. Мындай чара Россиядагы рыноктун туруктуулугун камсыздоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Бул товарларды ЕАЭБ, Абхазия жана Түштүк Осетияны эске албаганда бардык башка чет мамлекеттерге чыгарып кетүүгө убактылуу тыюу салынды.
ЕАЭБ, Абхазия жана Түштүк Осетия мамлекеттерине товарды чыгарууга уруксат кагазы Айыл чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Өнөр жай жана соода министрлиги, Санарип министрлиги жана Жаратылыш министрлиги тарабынан берилет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Украина ТИМ башчыларынын жолугушуусу аяктады. Жыйынтык