Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россия мындан ары Европа кеңешине катышпайт

Россия аталган эл аралык уюмга 1996-жылдан бери мүчө болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Европа кеңеши НАТО менен ЕБдин өзүнө өзү суктана турган аянтчасы болуп калды, мындан улам Россия эми аталган эл аралык уюмдун ишине катышпайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин билдирүүсүндө айтылат.
"Россияга касын тиккен ЕБ менен НАТО Европа кеңешинин министрлер кабинетинде санынын көптүгүнө салып Кеңештин жана Европадагы жалпы гуманитардык-укуктук мейкиндикти кыйратууну улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Анда Россия НАТО менен ЕБ тарабынан батыштын үстөмдүгү жана артыкчылыгы даңазаланган аянтчага айланган европалык уюмдун ишине мындан ары катышпай турганы белгиленген.
"Бири-бирине Россия жок эле суктана беришсин", — деп аяктаган билдирүү.
Россияда Apple сыяктуу 59 чет элдик компанияны улутташтыруу сунушталууда. Тизме
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркияда Россия менен Украина ТИМ башчыларынын жолугушуусу башталды