Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украина ТИМ башчыларынын жолугушуусу аяктады. Жыйынтык

Министрлер жолугушуу учурунда кайсы темалар көтөрүлгөнүн айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россия менен Украинанын Тышкы иштер министрлигинин башчылары Түркиядагы сүйлөшүүлөрүн жыйынтыктады.
Sputnik Жакынкы чет өлкө жазганына караганда, алар Анталья форумунун алкагында жолугушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматты биринчилерден болуп ЖМКга Дмитрий Кулеба берди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр оор болду жана атышууну токтотуу боюнча макулдашууга мүмкүн болгон жок. Негизинен гуманитардык коридорлор талкууланган.
Украинанын ТИМ жетекчиси Киевдин Россия койгон талаптарды аткарууга ниети жок экенин билдирген. Бирок ошол эле учурда бүгүн өткөн сүйлөшүүлөрдүн форматы уланарын белгилеген.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, Россиянын Украинадагы атайын операциясы план боюнча баратат, Беларуста Украина боюнча өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн альтернативасы жок. Министрдин айтымында, Россия Украинадагы кризистен чыгууга жол ача турган бардык байланыштарга макул.
Лавров Батыш Украинага учуучу куралдарды жеткирүүнү кубаттап жатканын айтып, террорчуларды колдонууда деди.
Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын болжолдуу жолугушуусу да талкууланган. ТИМ башчысы Россия менен Украинанын президенттери эл көзүнө гана жолугуп койбошу керектигин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик: Россияга каршы санкциялардын жогорку чегине жеттик
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлигинин өкүлү: АКШ Украинада COVID боюнча сыноо жүргүзгөн