Акаев: Беларусь, Россиядан Кыргызстанга күнүнө ондогон IT-адистер келип жатат

Эл өкүлү Уинстон Черчиллдин "ири кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат" деген сөзүн мисал келтирди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Россия менен Беларустан күнүнө ондогон IT-адистер келип жатканын айтып, аларды жайгаштыруу маселесине көңүл бурууга чакырды.
Депутат Жанар Акаев
"Уинстон Черчилль айткандай, чоң кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бир жумадан бери бизге Россиядан, Беларустан IT-адистер келип жатат. Бизде Жогорку технологиялык парк бар, ошол жактан имарат берсек. Алар арзан, тынч, стабилдүү өлкө деп Кыргызстанды тандашкан", — деди Акаев.
Мындан улам депутат келген IT-адистерди жайгаштыруу жагын ойлонуу керектигин белгиледи.
Россияга авиабилеттин кымбатташы боюнча маселе парламентте каралмай болду
Депутат өкмөттөн Россия менен автобус каттамын тез арада ачууну талап кылды