БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин жыйынында министрлер кабинетинен Россия менен автобус каттамдарын ачууну талап кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, Россиядагы көптөгөн чет элдик компаниялар иштерин токтотуп, мындан улам мигранттар жумушсуз калып, оор абалда турушат. Азыр эки эле авиакомпаниянын учактары каттап, билет кескин кымбаттап кетти.
Мындан улам ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Сизден суранат элем, тез арада Казакстан жана Россия менен сүйлөшүп, Бишкек — Москва темир жол каттамын жандантыңыздар. Андан сырткары, пандемияга чейин Бишкектен Россиянын бардык шаарларына автобус каттачу эле. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол автобус каттамдарын тез арада ачыңыздар. Мурда жол кире 5000 сом гана болчу. Маселени чечип берсек, мигранттарга жардамыбыз ушул болмок", — деди Токтошев.
Ошондой эле депутат коронавирустук инфекция бардык жерде эле азайып калганын кошумчалады.