Россияга авиабилеттин кымбатташы боюнча маселе парламентте каралмай болду

Депутаттар авиакаттамдардын кымбатташы мекендештерди түйшүккө салып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россия менен болгон кээ бир авиакаттамдар токтогонуна байланыштуу билет кескин кымбаттады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.
Ал бул маселе боюнча өкмөт мүчөлөрүн чакырып, парламентте кароону сунуштады.
Депутат Адахан Мадумаров
"Мурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн ритуалдык кызматтар, коштоп келүүчү адамдын авиабилети менен 40 миң рубль болсо, азыр 150 миң рублге чыгып кетти. Сөөк айрым кыйынчылыктардан улам 5-6 күн өлүкканада жатып калат экен. Кыргызстандык "Авиатрафик" компаниясы сөөк албай калыптыр, мурда "Аэрофлот" менен алып келишчү экен. Москвадан Бишкекке билет баасы 7 миң болсо, азыр "Авиатрафик" компаниясы 40 миңге чейин көтөрүп алыптыр", — деди Мадумаров.
Дагы бир эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Россиядагы мекендештерди ташыган "Аэрофлот" менен "S7" компаниясы каттамдарын токтотконун эске салды. Эгер "Урал аба жолдору" компаниясы дагы чыкпай калса, каттамдар 90 пайызга азаярын билдирди.
Депутат Нуржигит Кадырбеков
"Чартердик каттамдарды уюштуралыбы же Өзбекстанга окшоп токтоп калган компаниялардын учактарын ижарага алып иштетсекпи. Ушул жагын карап көрүш керек", — деди Кадырбеков.
Ал эми Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков бул маселе боюнча жооптуу кызматкерлердин баарын бүгүн эле чакырып комитеттин жыйында маселени изилдеп чыгууну сунуштады. Демилгеге депутаттар макул болушту.
"Манаска” конгон учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты