Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россияга каршы санкциялар баары бир киргизилмек

Россия президенти мындай сыноодон да өтүш керектигин айтып, экономика жаңы кырдаалга ылайыкташарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. РФке каршы санкциялар баары бир киргизилмек, алар Советтер Союзунан бери деле токтогон эмес. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин өкмөттүн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул санкциялар мурда киргизилгендей эле акыры баары бир киргизилмек. Менин мындан күмөнүм жок болчу", — деди Путин.
Ал Советтер Союзу тарагандан кийин деле бир топ санкция, чектөөлөр токтобогонун эске салды.
"Санкциялык басым дайыма болуп келген. Азыр да ал комплекстик мүнөзгө ээ жана кайсы бир жаатта кыйынчылык, көйгөй, маселе жаратууда. Бирок биз мурдагы жылдары кыйынчылыкты кантип жеңсек, азыр да ошентип жеңебиз. Бул мезгилден да өтүш керек. Экономика жаңы кырдаалга ылайыкташат", — деген РФ башчысы.
Путин бул сыноо өлкөнүн көз карандысыздыгын, өз алдынчалыгын жана суверенитетин арттырарын белгилеген.
"Эртеби, кечпи мунун баары болушу керек эле. Ал азыр болуп жатат. Мен өкмөт мүчөлөрү, алдыңкы компаниялардын жардамы менен бардык кыйынчылыкты жеңерибизге ишенем", — деген ал.
Президент экономикадагы максаттар да ишке ашарын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ өкмөтү экономиканы турукташтыруу үчүн иш-чаралар планын иштеп чыкты