Радио

Турсуналиев: органикалык айыл чарба өндүрүшүн 15%га жеткирүү пландалууда

Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Турсуналиев айыл чарбасынын кластери аркылуу ЕАЭБде органикалык продукцияларды экспортко чыгарып, атаандаштык жаратса болорун айтты.
Sputnik
Республика боюнча облустук борборлордо органикалык айыл чарба азыктарын саткан эко-дүкөндөрдүн санын акырындык менен көбөйтүү керек. Ал үчүн калк арасында туура маалымат жеткирүү кампаниясына көңүл буруу кажет. Бул тууралуу Сагынбек Турсуналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү аркылуу ЕАЭБ рыногуна органикалык продукцияларды экспортко чыгарып, атаандаштык жаратууга мүмкүн.
"Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгү тоолор менен курчалып, айдоо жерлери аз. Бирок аны туура пайдалануу аркылуу жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот. Өзгөчө органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү керек. 10 жыл аралыгында өлкөнүн органикалык айыл чарба өндүрүшүн 15 пайызга жеткирүү пландалууда. Республика боюнча облустук борборлордо органикалык айыл чарба азыктарын саткан эко-дүкөндөрдүн санын акырындык менен көбөйтүп, калк арасында туура маалымат жеткирүү кампаниясына көңүл буруу кажет. Эч кандай химиялык кошулмасы жок, таза азыкты талап кылгандардын саны өсүп жатат", — деди Турсуналиев.
Ошондой эле адис дыйкандарга топурактын курамын лабораториядан текшертип туруу керектигин, департамент сунуштаган органикалык жер семирткичтерди колдонуу зарылдыгын кошумчалады.