"Манаска” конгон учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты

Буга чейин "Манас" аэропортуна Санкт-Петербург шаарынан келген учакта бомба коюлганы тууралуу маалымат тараган. Аба майдандын маалымат кызматы жеринде тиешелүү органдар иштеп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Манаска” конгон учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

"Атайын кызматтар "Авиатрафик" компаниясынын учагын текшерип чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан заттарды тапкан жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург — Бишкек багыты менен келе жаткан учак жергиликтүү "Авиатрафик" компаниясына тиешелүү экени айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин "Манас" аэропортуна Санкт-Петербург шаарынан келген учакта бомба коюлганы тууралуу маалымат тараган. Аба майдандын маалымат кызматы жеринде тиешелүү органдар иштеп жатканын билдирген.
Red Centre борборунда бомба бар деп жалган маалымат берген киши аныкталды