БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар бул айда үч күн катары менен эс алат.
Ал 21-март — Нооруз майрамы менен байланыштуу. Майрам дүйшөмбүгө туура келгендиктен, беш күндүк график менен иштегендер 19, 20 (ишемби, жекшемби) жана 21-мартта (дүйшөмбү) эс алышат.
Ошол эле учурда 26-март, ишемби — иш күн. Себеби 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган. Башкача айтканда, өлкө жарандары үч күн эс алганы менен беш күн иштешет.
Бардык майрам, эс алуу күндөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин 2022-жылга даярдаган материалынан окуй аласыздар.