Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасындагы чуунун себебин түшүндүрдү

Министр башка бейтаптарга бош орун жетпей жатканда айрым менчик клиникалар мамлекеттик имараттарды басып жатканын туура эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менчик клиниканын ичиндеги чуу боюнча түшүндүрмө берип, эмнеге эмоцияга алдырганын айтты.
Эске салсак, бейшемби күнү эртең менен министр №2 клиникалык көп профилдүү оорукананын имаратынын корпусуна барып, жеке клиниканын өкүлдөрүнөн жакын арада чыгып кетүүнү талап кылган. Бул имаратта көз дарыгери Алмазбек Исманкулов башында турган медборбор көп жылдан бери иштейт. Бейшеналиевди ал жакта иштегендер Исманкулов менен телефон аркылуу байланыштырганда, министр көз дарыгерин "лопух" деп кекетип, Исманкуловду жакын арада клиникадан чыгарарын айткан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Бейшеналиевдин эртең мененки кырдаал тууралуу айткандары боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады.
Министр анда бейтаптарга бош орун жетпей жатканын белгилеп, ооруканага жатуу үчүн кезерип кезек күтөрүн кошумчалаган.
"Биз оорукананын имаратын бошотуу боюнча ишти баштаганыбызга туура бир ай болду. Мэрия бул клиника менен ижара келишимин токтотту. Бардык мөөнөт бүттү. Биз мындан ары күтө албайбыз, бейтаптарды дарылоо үчүн бош орун керек. Эмоцияга алдырып койгонум үчүн кечирим сурайм, бирок көпчүлүк ишкерлер кичинекей акча төлөп коюп мамлекеттин мүлкүн узак убакыт колдонот. Бул туура эмес. Алар мамлекеттин бюджетине жарытарлык каражат төкпөйт. Болбосо бул имараттан кетпей жүрө беришмек эмес", — деген ал.
Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги менен мамлекеттин мүлкүнө байланыштуу иштерде айтканынан кайтпай турганын белгилеген.
Сабырбек Жумабеков: президент мага жана кесиптештериме куугунтук болбойт деди