БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россияга баруу үчүн Казакстан темир жол жана транспорт каттамын жандантууга макулдук берди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табалды Тиллаев билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табалды Тиллаев
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Коңшу Казакстан темир жол жана транспорт каттамын жандантууга макулдук берди. Бүгүн министрибиз Эркинбек Осоевдин россиялык кесиптештер менен сүйлөшүүсү болот. Буюрса бул маселе жакында чечилет", — деди Тиллаев.
Мындан сырткары, "Аэрофлот" авиакомпаниясы кийинки жумадан баштап Россия менен Кыргызстанга каттамга чыгууну убадалаганын айтты.
Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев казак тарапка тынымсыз кайрылуу жолдоп, кыргызстандык жарандарга транзит ачып берүүнү сурап жатышканын билдирди.
Белгилей кетсек, депутат Эмил Токтошев учурдагы кризистик кырдаалда мигранттарга жардам берүү үчүн пандемиядан бери токтоп турган темир жол жана автобус каттамдарын ачууну талап кылган.