"Жогорку Кеңеш базар-вокзалбы?" Талиеванын аткаминерлерди зекиген видеосу

Эл өкүлү президенттин өкүлүнө кайрылып, аткаминерлердин жоругун мамлекет башчыга жеткирип коюуну талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева аткаминерлердин тартиби жогун айтып сындады.
Эл өкүлдөрү саат 14:00дөн бери министрлер кабинетинин антикризистик программасы тууралуу маалыматын угуп, суроолорун берип жатат.
"Өкмөттө тартип барбы? Жол боюнча суроо берейин дедим эле. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Табалды Тиллаев чыгып кеткенине жарым саат болду, Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров жок. Жогорку Кеңеш эмне базар-вокзалбы?! Суроо берели десек жок болууда, тартип барбы? Бардык нерсе тартиптен башталат да. Кайда жүрүшөт "же үйдө эмес, же Чүйдө эмес", же жумушта эмес, же Жогорку Кеңеште эмес", — деп сындады Талиева.
Мындан улам депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, аткаминерлердин бул жоругун мамлекет башчыга жеткирип коюуну талап кылды.
Андан соң вице-спикер аларды чакырды эле, Талиева "болду эми кереги жок" деп маселе боюнча суроо узатты.
Шефиңе көрсөтүп кой! Соцфонддун төрагасы депутатты таппай калганда... Видео