Кирпиктерди жасалма узартууда колдонулган материалдардын сапаты жана мастердин квалификациялык деңгээли өтө маанилүү. Туура аткарылган процедура адамдын клейге аллергиясы болбосо, эстетикалык сулуулукту тартуулап, көрүүгө, ден соолукка зыян келтирбейт. Эң негизгиси ошол кирпиктерге туура кам көрүү зарыл. Бул тууралуу Назира Элебесова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чапталган кирпикти үй шартында өз алдынча алып салуу табигый кирпиктерди жабыркатат.
"Кирпик коштуруунун зыяндуулугу жөнүндө сөз кыла турган болсок, кооптуулукту жасалма кирпик эмес, клей жаратат. Эгерде мастер эң арзан каражатты колдонсо, сурманын терисине зыяны олуттуу болот. Алсак, аллергиялык реакция, күйүк же көздүн сезгенүүсү. Ошондуктан аталган процедураны жасатуу үчүн лицензиясы бар салондорго барган жакшы. Ал жерде териге жана кирпикке зыян келтирбеген профессионалдык каражаттар колдонулат. Бирок кандай гана материал болбосун, аллергия болуп кетүү коркунучу ар дайым бар экенин унутпаңыз. Клейдин курамындагы формальдегиддер ар кандай көз ооруларын чакырышы ыктымал. Ошондой эле стерилизацияланбаган шаймандар, шалаакылык менен иштөө жана аялдардын жасалма кирпигин жуубай, гигиенаны сактабашы демодикозду (мите кенеден пайда болгон теринин жарасы) жаратышы мүмкүн. Ал эми сурма жабыркаса көрүүгө таасир этиши мүмкүн. Андан тышкары, кирпик узартуу процедурасы адамдын өз кирпиктерине зыян. Жуунуудагы кыйынчылыктардан улам кирпик бузулуп, натыйжада түшөт. Эгер аял кирпиксиз жүрө албаса жыл ичинде бир жолу тыным алып, өз кирпиктерине өзгөчө кылдаттык менен кам көрүшү керек", — деди Элебесова.
Дарыгер ар кандай көз оорулары менен жабыркаган жана табигый кирпиктери жука, алсыз болгон кыз-келиндер жасалма кирпик коштурбай эле койгону оң экенин кошумчалады.