Кыргызстандын финансы министринин орун басарына сөгүш жарыяланды

Аткаминер депутаттарга 1-апрелден тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы эмненин эсебинен көбөйтүлөрүн түшүндүрүп бере албай койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүү маалында кабыл алган.
"Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басарына 1-апрелден тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы эмненин эсебинен көбөйтүлөрү боюнча суроо узатылган. Татиков суроого жооп бере албай койгон. Кийин Жапаров министрдин орун басарынын жоопкерчилигин карап, бул кызматка туура келбесе алмаштыруу керектигин айткан.
Доллар менен кредит алгандарга өкмөт жардам берет. Министр жол-жобосун айтты