Чочконун жүрөгүн салдырган киши эки айдан кийин каза болуп калды

Дарыгерлер өлүмгө эмне себеп болгондугун азырынча так айтыша элек.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШда генетикалык жактан модификацияланган чочконун жүрөгүн мындан эки ай мурда салдырган бейтап Дэвид Беннет каза болуп калды. Бул туурасында Мэриленд университетинин медицина борборунан кабарлашкан.
Дарыгерлер өлүмгө эмне себеп болгондугун так айта алышкан жок, экспертизадан кийин гана толук маалымдаларын билдиришти.
57 жаштагы эркек кишинин абалы 8-мартка бир нече күн калганда начарлай баштаганын айтып беришкен.
"Айыкпас жүрөк ооруга кабылган, модификацияланган чочконун жүрөгүн тарыхта биринчи болуп салдырган 57 жаштагы Дэвид Беннет көз жумду", — деп айтылган медборбордун маалыматында.
Америкалык бейтап өмүргө кооптуулук жараткан жүрөк оорудан жабыркап келген. Чочконун жүрөгүн салган, сегиз саатка созулган операция быйыл январда Балтимордо жасалган.
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео