Экономика министри: бир жумада Россияга учактар кайра каттап баштайт деп ойлойм

Министрдин айтымында, учактарды россиялык компанияларга ижарага бергендер Европада жайгашкандыктан маселе жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте Россияга болгон авиабилеттин баасы 20-30 пайызга чейин өсүп, кээ бир авиакомпаниялар ишин токтотконун айтып, бул маселени чечүү жолдорун сурады.
Буга жооп берген экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул убактылуу көрүнүш экенин айтты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
"Себеби лизинг компаниялардын баары Европа аймагында жайгашкан. Азыркы камсыздандыруучу компаниялар бир аз кымбатыраак болсо да, Азия жакка кетип баратат. Россия дагы жөн турган жок, алардын деле иш пландары бар бул боюнча. Бир жуманын ичинде учактардын баары кайра учуп баштайт деп ойлойм", — деди Амангелдиев.
Буга чейин транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев "Аэрофлот" авиакомпаниясы кийинки жумадан баштап Россия менен Кыргызстанга каттамга чыгууну убадалаганын билдирген.
Казакстан Россияга баруу үчүн темир жол, транспорт каттамына макулдук берди
Депутат өкмөттөн Россия менен автобус каттамын тез арада ачууну талап кылды