Чек арадагы атышуу: абал туруктуу, тараптар төрт нерсени макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөн. Экинчи жолугушуу 12-мартка пландалды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка байланыштуу Баткен районунун Паскы-Арык аймагында эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.
Эске салсак, бүгүн саат 10.50лөр чамасында Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган чатак чыккан. Атышуу 10 мүнөткө созулган.
Сүйлөшүүлөрдө төмөнкүлөр макулдашылды:
ар бир тарап куралдуу чыр-чатактын келип чыкканын иликтейт. Иликтөөнүн болжолдуу жыйынтыгы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн 12-мартта пландалган жолугушуусунда айтылат;
тараптар чек аралаш айылдагы жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Баткен менен Согди облустарынын башчылары чатакты алдын алуу жана аларды күчөтүп жиберүүгө жол бербөө үчүн тиешелүү иш-чараларды баштады;
сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактын аскерлерине кыргыз-тажик чек арасындагы сызыктан өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин сактоо маселеси каралган;
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя учурунда тартылган күч, каражат жана техникаларын алып кетет.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок