Статком: аялдар эркектерге караганда 5 475 сомго азыраак киреше табат

Орточо статистика боюнча аялдар айына 16 524 сом, эркектер 21 999 сом киреше табат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 2021-жылдагы анализ боюнча Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен 5 475 сомго азыраак киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Орточо статистика боюнча Кыргызстанда аялдар айына 16 524 сом, эркектер 21 999 сом киреше табат. Эгер муну пайыздык көрсөткүч менен эсептей турган болсо 24,9 пайызга аз. Деген менен региондордогу көрсөткүчтөр ар башка, Нарын облусунда аялдардын маянасы 7,3 пайызга гана төмөн. Ал эми Талас облусунда эркектерге караганда 47,6 пайызга азыраак киреше көрүшөт.
Мындан сырткары, балдар кыздарга караганда эртерээк кесипке ээ болору аныкталган. Себеби алардын көпчүлүгү 9-классты бүтүп эле колледждерге тапшырат. Кесиптик окуу жайларда балдар 69 пайызды, ошол эле учурда жогорку окуу жайларда кыздар 52 пайызды түзөт.
Билим берүү тармагында окугандардын 86 пайызы кыздар, ал эми техникалык илим боюнча билим алгандардын 69 пайызы балдар.
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашайт