БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемеси жакын арада бузулуп, ал жактагылар башка абактарга которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Аскат Эгембердиевди президент Садыр Жапаров кабыл алган маалда Бишкектин инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн №47 түзөтүү мекемесин шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын айткан.
"№47 түзөтүү мекемеси менен №1 тергөө абагы мурда шаардын чекесинде жайгашкан деп эсептелсе, калаа кеңейген сайын борбордук бөлүгү болуп калды. Анын үстүнө имараттар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт. Эксперттер бул коомдук коопсуздукка коркунуч жаратарын айткан. Мындан улам аны демонтаж кылуу чечими кабыл алынган. Түзөтүү мекемесиндегилер Новопокровкадагы №8 абак менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 жана №27 түзөтүү мекемелерине жайгаштырылат", — деп айтылат маалыматта.
Түзөтүү мекемесиндегилер башка абактарга качан которулары жана имарат качан бузулары так айтылган эмес.