Кийинкиде үч эсе көп болот. Жапаров хоккейчилерге сыйлык тапшырган видео

Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Түндө Бишкек шаарында IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, оюн бүткөндөн кийин президент Садыр Жапаров хоккейчилердин кийим алмаштырган жайына кирип куттуктаган. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Алгач Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курама командаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүшкөн. Улуттук курама команда кувейттиктерди 14:0 эсебинде жеңип, бул дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи.
Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.
Сыйлыктарды расмий тапшыруу аземи аяктагандан кийин Жапаров улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерди чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктаган. Спортчулар менен баарлашууда улуттук команданын жеңиши бардык кыргызстандыктарга кубаныч жана сыймыктануу тартуулаганын белгилеген.
"Беш күн мурда убада бергенимдей, ар бириңиздерге менден сыйлык болот... Азаматсыңар балдар! Эгерде III дивизиондо жеңсеңер, сыйлык үч эсе көп болот. Ойногула, машыккыла, башка балдарды дагы тарткыла", — деген спортчулар менен жолугуп жатканда Жапаров.
Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлык тапшырган.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 3-8-март күндөрү Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.
Кыргызстандын хоккей командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди. Видео