Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жапаров: Россия менен Украина ортосундагы жаңжалда калыс болушубуз керек

Мамлекет башчы Кыргызстан чакан өлкө экенин белгилеп, жаңжалды токтотууга таасир эте албай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берди.
Ал бүгүн парламентке келип, айрым министрлердин ант берүү аземине катышып, андан соң кайрылуу жасады.
"Россия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп турабыз. Дүйнөлүк деңгээлдеги соода-экономикалык алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай, дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп бара жатат. Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз, биздин жаңжалды токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы кризистик кырдаалда бардык бийлик бутактарын ынтымакта иш алып барууга чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр