Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ өкмөтү экономиканы турукташтыруу үчүн иш-чаралар планын иштеп чыкты

Россия Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо үчүн атайын операция баштаган соң Батыш бир катар санкцияларды жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россия өкмөтү катаал санкциялардын шартында экономиканы турукташтыруу үчүн иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Михаил Мишустиндин сөзүнө таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта план учурда түзүлгөн кырдаалга ыңгайлашуу, элди жана ишканаларды колдоо максатында иштелип чыкканы айтылды.
"Министрлер кабинети банкка миллион рублден ашуун акча салган жарандарды 2021-2022-жылдар үчүн пайыздарынан алынчу салыктан бошотуу жана үч миллион рублден он миллион рублге чейинки автоунаалардын ээлери үчүн салыкты жогорулатууну сунуштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Мишустин, мындан тышкары, айыл чарба продукциясын өндүргөндөр үчүн жеңилдетилген насыя берүүгө кошумча 25 миллиард рубль бөлүнгөнүн белгиледи.
"Түшүмгө кам көрүүдөн тышкары азык-түлүктүн баасын кармап туруу зарыл. Бул үчүн нан жана нан азыктардын баасына мониторинг жүргүзүлүп жатат", — деди Мишустин.
Өкмөт башчы курулуш тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, азыркы кезде биринчи максат — курулуштун токтоп калышына жол бербөө. Мындан тышкары, кабыл алынган чаралар мейманкана бизнесине, бажы тармагына да тиешелүү болот.
Эскерте кетсек, Россия 24-февраль күнү Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин айткан. Буга жооп кылып Батыш антироссиялык санкциялардын пакетин кабыл алган болчу. Ага бир нече ири банк кабылып, Евробиримдик, АКШ, Канада россиялык учактар үчүн асманын жапкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Донбасска кол салуу планы боюнча купуя документ Россиянын колуна тийди