Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок

Башкы прокурордун сунушун четке кагуу чечимин эл өкүлдөрүнүн баары бир добуштан колдоду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок.
Аталган иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун угуу жана кароо маселеси жабык эшик артында каралды.
Журналисттердин суроосунда жооп берген бир нече депутат комиссия башкы прокурордун сунушун четке кагуу чечимин кабыл алганын айтышты. Ал чечимди эл өкүлдөрүнүн баары бир добуштан колдогону белгилүү болду.
Башында Башкы прокуратура Мадумаровду "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен айыптаган. 3-март күнү кылмыш ишти "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөрткөнү белгилүү болду.
Эске салсак, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан. 10-февралда башкы прокурор парламенттен эл өкүлүн жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнгөн.Мындан улам кылмыш ишин иликтөө үчүн алты депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Беш министр парламентте ант берди. Жапаров кайрылуу жасады