Кыргызстанда "Кавак" мамлекеттик компаниясы түзүлдү. Эмне иш кылат?

Негизги максаты — Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринин эффективдүү иштөөсүн камсыздоо. Уставдык капиталы — 1 миллион сом.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Кавак" улуттук компаниясы" ачык акционердик коому түзүлдү. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ишкананын негиздөөчүсү болуп Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду эсептелет. Негизги максаты — Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринин эффективдүү иштөөсүн камсыздоо. Уставдык капиталы — 1 миллион сом.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна анын уставын бекитип, тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.
Кара-Кече — Кыргызстандагы эң ири көмүр кени. Ал Миң-Куш жана Көк-Мойнок кендери менен бирге Кавак көмүр бассейнинде жайгашкан.
Садыр Жапаров "Көчмөндөр мурасынын" сунуштарын жактырды. Тизме