Соцфонд: күздө жашоо минимумунан төмөн пенсиялар 50%га жогорулайт

Эң төмөнкү пенсияны 4300 сомго жеткирүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев парламентте билдирди.
"1-октябрдан тарта пенсияны көтөрөбүз деген сунуш киргиздик. Базалык бөлүгүн 50 пайызга чейин жогорулатып, эң төмөнкү пенсияны 4300 сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2023-жылы Конституциянын 44-беренесине ылайык, 100 пайызга көбөйтөбүз. Бул боюнча эсептеп, министрлер кабинетине да, Финансы министрлигине да бергенбиз", — деди Алиев.
Өз кезегинде финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 1-октябрдан тарта пенсияны көбөйтүүгө каражат бар экенин, эсептелип-такталып жатканын билдирди.
Мындан сырткары, Соцфонддун төрагасы пенсияга чыгуу курагы узартылбай турганын, аялдар 58, эркектер 63 жаш бойдон калганын белгиледи.
Жалпы пенсия базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдөн турат. Базалык бөлүгүнүн жогорулашы өткөн жылкы орточо айлыктын өскөнүнөн көз каранды. Бирок бул нерсе пенсиянын жалпы көлөмү пенсионердин өткөн жылдагы жашоо минимумунан төмөн болсо гана ишке ашат.
Азыркы тапта өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6 340 сом, эң төмөнкүсү — 1 500 сом.
Радио
Абжапаров: пенсиянын топтомо бөлүгүн үч учурда алса болот