Кыргызстан Казакстандан арзан бензинди эмнеге сатып албайт

Кыргызстан менен Казакстандагы бензиндин баасындагы айырма 18 сомго жакын экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандан арзан бензинди эмнеге албай жаткан себебин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов "Биринчи радиодо" сүйлөп жатканда түшүндүрүп берди.
Эшатов Кыргызстан менен Казакстандагы бензиндин баасындагы айырма 18 сомго жакын экендигин айтты. Казакстанда 2018-жылы мунай заттарын кайра иштеп чыгуучу заводдорду жаңылап чыгышкан. Андан соң өндүрүштүн көлөмү арбып, ашыкча боло баштагандыктан ЕАЭБ мамлекеттерине сунушташкан. Ошол кезде пошлинасыз берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталганы менен документке кол коюла элек.
"Эгерде Казакстан сата (күйүүчү майды – ред.) баштаса, экспорттук пошлина менен берилет да Россияга караганда кымбат түшө баштайт. Андан сырткары, Казакстанда күйүүчү майлардын экспортуна салынган тыюу бар", — деди Эшатов.
Ал нефти экспортунун эсебинен Казакстандын ички рыногу үчүн мунай заттарына дотация бериле тургандыгын кошумчалады.
Ассоциация: сомдун кунунун түшүшү күйүүчү майды дагы кымбаттатышы мүмкүн