Кыргыз тарап менен Centerra макулдашууга кол койду. Маселе парламентте каралат

Макулдашуунун шарттарын парламент саат 14:00дө жабык эшик артында талкуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кумтөр долбоору тууралуу кыргыз тарап Centerra Gold Inc. компаниясы менен макулдашууга кол койду. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Анын айтымында, 4-март күнү Кыргызстандын министрлер кабинети менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.
Ушул маселени парламенттин күн тартибине киргизип, саат 14:00дө жабык эшик артында карап берүүнү сунуштады.
Мындан сырткары, саат 16:00дө президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы дайындалган министрлердин антын кабыл алууну демилгеледи.
Депутаттар сунушка макул болуп, эки маселени тең күн тартибине киргизди.
Акылбек Жапаров Кумтөр маселеси качан аягына чыгарын айтты