Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин Донбасска кол салуу планы боюнча купуя документ Россиянын колуна тийди

Под: Колго тийген документ Украинанын Улуттук гвардиясынын командачысы генерал-полковник Николай Баландын буйругу. Анда Донбасстагы "бириктирилген күчтөр операциясы" аймагына кол салууга даярдануу планы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Киев март айында Донбасска басып кирмек. Бул тууралуу Украинанын Улуттук гвардиясынын россиялык аскерлердин колуна тийип калган документтеринде айтылган.
РФтин коргоо министринин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун РИА Новости агенттигине билдиргенине караганда, атайын операциянын жүрүшүндө россиялык аскерлердин колуна купуя документтер түшүп калган.
"Маалыматка караганда, Киев режими ушул жылдын март айында Донбассты басып кирмек. Эсиңерде болсо февраль айында Батыштын бир катар ЖМКлары Украина башчыларынын билдирүүсүн тараткан. Анда Луганск менен Донецкиге кол салуу болбойт, бардыгы саясий-дипломатиялык жол менен чечилет дешкен. Бирок документ мунун баары калп экенин далилдеди", — деди Конашенков.
Анын айтымында, колго тийген документ Украинанын Улуттук гвардиясынын командачысы генерал-полковник Николай Баландын буйругу. Анда Донбасстагы "бириктирилген күчтөр операциясы" аймагына кол салууга даярдануу планы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган.
"Документте негизги көңүл жеке курамды тандоого бурулган. Алар психологдун текшерүүсүнөн өтүп, абдан шыктандырылган аскерлер болушу керек эле. Бул операцияга АКШ менен НАТОнун канчалык тиешеси бар экени азырынча аныктала элек", — деди Конашенков.
Бирок АКШ менен Улуу Британиянын машыктыруучулары Украинанын Улуттук гвардиясынын айрым бөлүктөрүн "НАТОнун стандарты" менен даярдыктан өткөргөнү белгилүү.
Москванын маалыматы боюнча, Украина Донбасска кол салууга даярдыктарын 28-февраль күнү аяктамак. Демек, алардын планын Россиянын атайын операциясы бузуп койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды