Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕБ өкүлү: Евробиримдик Россиядан энергияны импорттоого тыюу салбайт

Буга чейин Вашингтон Москвага каршы жаңы санкциялары, анын ичинде энергия ресурстарын ташууга тыюу салуу тууралуу билдирүү жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Европа биримдиги Россиядан энергияны импорттоого тыюу салбайт. Бул тууралуу ЕБдин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель al-Jazeera телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
Муну Боррель АКШ президентинин Россияга каршы санкциялары, анын ичинде энергия ресурстарын ташууга тыюу салуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин айтып чыкты.
"Россиядан энергияны импорттоого тыюу салбайбыз. Биз бул маселе боюнча Жо Байден менен макул эмеспиз", — деген Боррель.
Анын айтымында, Евробиримдик газды алуунун альтернативдүү булактарын издеп келет.
Ошондой эле Боррель Украина ЕБ катарына кирүү үчүн убакыт керек экенин белгилеген. Мындан сырткары, Украина Россияга коркунуч жаратпай турганын айтып, ошол эле учурда Евробиримдик "Киевди Москва менен согушууга түртпөйт" деген пикирин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШ, НАТО жана ЕБди Россия менен тең ата диалог жүргүзүүгө чакырды