Суу камдап алгыла. Эртең Бишкектин үч конушунда суу өчөт

Суунун болжол менен он сааттан ашыгыраак убакытка өчүрүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Эртең, 10-мартта, Бишкек шаарынын түндүк тарабындагы Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
"Суу берүү саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында токтотулат. Тагыраагы, үйлөрдү, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка бир катар жайларда болбойт", — деп билдирди.
Маалыматта бул "Энесай" суу кампасы менен шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерди жасоого байланыштуу экендиги айтылды. Мэрия элден сууну камдап алууну өтүнүп, жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.
Туман түшөт, сак болгула! Кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылды