БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев залдын ичинен аны көрбөй калганына нааразы болду.
Эл өкүлү парламенттин жалпы жыйынында суроо берип жатканда, Алиев анын отурган жерин таппай калган. Мындан улам жанында отурган орун басары Теңизбек Абжапаровдон көрсөтүп коюшун суранды.
"Бул жактамын, мени карап коюңуз. ...Көрсөтүп кой шефиңе. Теңиз, айтып койбойсуңбу, чыканагың менен түртүп, ал бүт залды издеп жатат", — деди Ормонов.
Депутат буга чейин министрлер кабинети 1-апрелден тарта пенсияны жогорулатууну убадалаганын, эми ал 1-октябрга жылып кеткенине түшүнбөй жатканын билдирди.
Алиев бюджетке мындай каражат киргизилбегенин белгиледи.
Мындан улам Ормонов эгер жакын арада жогорулатпаса, пенсия бир кап ун сатып алганга жетпей каларын айтты.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети 2022-жылы бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга, андан кийин жыл сайын 20 пайызга көбөйтүү пландалып жатканын маалымдаган. Мында пенсия менен жөлөк пул дагы 50 пайызга жогорулай турган болгон.