Маалым болгондой, аталган жайларда спирт ичимдик колго жасалып, сакталып, андан соң сатылып турган. Салыкчылар күмөн жараткан акциздик маркаларды да аныкташкан. Мындан тышкары, цех иштеткендердин товарга лицензия, тиешелүү документтери болгон эмес.
Мындай жайлардан ар кайсы ичимдик брендинин 1 413 бөтөлкөсү, 1 709 колдонулбаган акциздик маркасы, 145 литр этил спирти (95 пайыз), 5 миңден ашык этикетка жана 2 миңдей бөтөлкө капкагы табылган.
Салык кызматынын өкүлдөрү ишкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн кошумчалады.
Тема боюнча: