Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар бала изделүүдө. Сүрөт

Кырсыктын балдар ойноп жаткан учурда болгону, 112ге кабар түшөрү менен 31 куткаруучу айтылган жерге чыгып кеткени маалымдалды.
Sputnik
НАРЫН, 9-мар. — Sputnik. Нарын облусундагы Орто-Нура айылында кечээ, 8-мартта, сегиз жашар тестиер балдар менен ойноп жатып Нарын дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМден билдирди.
1 / 2

Нарын облусундагы Орто-Нура айылында кечээ, 8-мартта, сегиз жашар тестиер балдар менен ойноп жатып Нарын дарыясына түшүп кеткен

2 / 2

Кырсык тууралуу 112 кызматына маалымат түшөрү менен 31 куткаруучу айтылган жерге чыгып кеткен

Кырсык тууралуу 112 кызматына маалымат түшөрү менен 31 куткаруучу айтылган жерге чыгып кеткен. Баланы ӨКМчилерден сырткары жергиликтүү 60 адам жана ИИМден 23 кызматкер жалпы 55 чакырым аралыкты издеп чыгышкан.
Кечээ бала табылбагандыктан 27 куткаруучу издөө иштерин бүгүн улантып жатканы кабарланды.
Бишкекте Малика Мадумарова аттуу кыз изделүүдө. Сүрөт