Садыр Жапаров Роза Айтматованы 85 жашы менен куттуктады

Роза Айтматова 1937-жылы Москва шаарында 8-мартта жарыкка келген. Айтматовдордун эң кенжеси.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-мартта, заманыбыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, коомдук ишмер, окумуштуу, публицист, педагог Роза Айтматованы 85 жаш мааракеси менен телефон чалып куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Садыр Жапаров Айтматовага бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалады.
"Жапаров Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышып келгендигин белгиледи. Ал атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен айтып, кийинки муундардын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду таанып-билүүсү үчүн бул эскерүүлөр зор мааниге ээ деди", — деп билдирди маалымат кызматы.
Мамлекет башчысынын атынан Айтматовага маараке жана майрамга карата белектер берилгенин кошумчалады.
Роза Айтматова 1937-жылы Москва шаарында 8-мартта жарыкка келген. Төрөкул Айтматовдун эң кичүү кызы, өзүнөн улуу эки агасы — Чыңгыз, Ильгиз Айтматовдор.
Роза Айтматованын ыймандай сыры. Сагыныч, атак-даңк жана арман