Жапаров акыйкатчы Абдрахматованы кабыл алып, кеңештерин айтты. Сүрөт

Өкмөт башчы ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан акыйкатчы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан акыйкатчы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады

2 / 3

Жапаров Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматын карап чыгуучу институт экенин белгилеген

3 / 3

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним арткан.

Жапаров Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматын карап чыгуучу институт экенин белгилеген.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним арткан.
Жумуш ордун түзгүлө! Акылбек Жапаров облус башчылары менен кеңешме өткөрдү