Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: НАТОго кошулуу маселесинен көңүлүм калды

Зеленский альянс Россия менен тирешүүдөн коркуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык ABC телеканалына берген маегинде НАТО өлкөлөрүнө кошулуу маселеси сууп баратканын билдирди.
"Нато Украинанын кабыл алууга даяр эмес экендигин түшүнгөндөн кийин аларга кошулуудан көңүлүм калды. Альянс каршы келе турган нерселерден жана Россия менен тирешүүдөн (конфронтация) коркуп жатат", — деп айткан Зеленский.
Белгилей кетсек, кечээ, 7-мартта, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва бир убакта эле аскердик атайын операциясын токтотуп коюшу мүмкүндүгүн айткан. Бул үчүн Киев Крым Россияныкы экенин жана ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таанып, ошондой эле Украинанын нейтралдуу макамын орнотуу шарттарын аткарышын талап кылууда.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды