Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россия менен Крым, ЛЭР жана ДЭРди талкуулашы мүмкүндүгүн билдирди

Буга чейин Россиянын президентинин маалымат катчысы Киев шарттарды аткарса, Москва "бир заматта эле" Украинадагы атайын операцияны токтотуп коё турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин бийлиги Крым менен Донбасстагы элдин мындан кийинки жашоосу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мунаса издей турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы журналисттин бул аймактарды таанууга даярдыгы тууралуу суроосуна ушинтип жооп берген.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев шарттарды аткарса, Москва "бир заматта эле" Украинадагы атайын операцияны токтотуп коё турганын билдирген. Ал шарттарга Крымды Россияныкы деп таануу, ДЭР менен ЛЭРдин суверендүүлүгүн таануу, ошондой эле Украинанын нейтралдуу статусун белгилөө кирет.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШ, НАТО жана ЕБди Россия менен тең ата диалог жүргүзүүгө чакырды