Радио

Акматов: Улуттук банк алтынды Лондон биржасындагы баадан кымбат сатууда

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов Улуттук банк алтын куймаларын сатууда Лондон биржасындагы баага ылайыктаса, жарандар үчүн ыңгайлуу болорун айтты.
Sputnik
Алтын — биржалык товар болгондуктан эл аралык практикада өлкөлөр ири фондулук биржалардагы баага тууралап сатыкка коёт. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алтын куймаларын өлкөдөгү банктар аркылуу сатыкка чыгарып, бул тармакты өнүктүрсө болот.
"Президент дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, анда акчасы барларды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырганы бул тармактын жакшырышына алып келет. Мындай практиканы көп өлкөлөр эл аралык деңгээлде жакшы жолго салып, бир топ киреше табышууда. Баса белгилей кетчү жагдай, 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймалар Лондон биржасындагы баадан кымбат сатылып жатат. Кандай көлөмдө болбосун бирдей баада сатыкка коюлса, жарандарга ыңгайлуу болмок. Улуттук банк аны даярдоонун акысы да кошулушу керектигин айтып жатат. Туура, эмгек акы бааланышы керек, бирок Лондон биржасындагы баага ылайыкталса көп жагынан туура болор эле", — деди Акматов.
Ошондой эле адис өлкөдө зергерчилик менен иш алып барган ири компаниялар жок болгондуктан Улуттук банктан көп көлөмдө алтын сатып ала албай тургандыгын кошумчалады.