БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Sputnik радиосу россиялык FM-диапазон менен иштеген мурдагы "Эхо Москвы" үналгысынын жыштыгы аркылуу обого чыга баштайт. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньян билдирди.
"Тарыхый адилетсиздик калыбына келтирилди. Россиядагы эң көп шилтеме берилген радиостанциянын ушул кезге чейин FM жыштыгы болгон эмес. Sputnik радиосу бир нече жылдан бери Россиядагы радиостанциялардын арасында популярдуулугу боюнча лидерликти бербей келет. Москвада, Питерде жана башка шаарларда обого чыгышы логикалык кадам", — деди Симонян.
Анын айтымында, мындан ары радио Россиянын субъектилеринде дагы жаңырып турмакчы.