БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шаршембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +5…+10 градус жылуу болот.
Ош шаарында жамгыр жааса, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +9…+11 жана Ош калаасында +11…+13 градусту көрсөтөт.