БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү элестетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосунда айткан.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы Жапаровдун куттуктоосун таратты.
"Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат. Дал ошондуктан эне жүрөгүнө бүтүндөй аалам батат эмеспи. Мына ушундай улуу касиет үчүн биз сиздерге өмүр бою милдеттүүбүз!", — деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Эне мээрими — адам баласынын руханий жетилүүсүнө, адам болуп калыптануусуна үрөн себе турган, жашоосунда ишенимдүү таянычы боло турган асыл баалуулук экенин белгилеген.
"Асылзаттын так ушул образы бүтүндөй адамзаттын асыл-наркы болгон эне тилибизди жатыктырып, аны кастарлап-сыйлоого, бабалардан бери келаткан каада-салт, үрп-адаттарды аздектеп алып жүрүүгө, Мекендин чыныгы атуулу кылып тарбиялоого үйрөтөт. Ошентип, аял коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Ал — камкор эне, мээримдүү жар, жоопкер кызматчы, демилгелүү жетекчи", — деген мамлекет башчы.
Жапаров кыз-келиндердин, дегеле аялзатынын коомдогу бараандуу ролуна жана ордуна токтолгон.
"Кыргыз элинин тарыхында аялзат өз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келген. Бүгүнкү күндө да аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү, коомдун адептүүлүгүн бекемдөөнү жана улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн — нарк-насилибизди сактоону элестетүү мүмкүн эмес", — деген президент.
Ал сөзүнүн соңунда Кыргызстандагы аялдарга жана алардын жакындарына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалаган.