Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык серепчи: Путин СССРди калыбына келтирүүнү көздөгөн жок

Россия таануучу РФ лидери Владимир Путин өз таасирин мурдагы СССРдин аймагына гана эмес, Польша менен Балтия өлкөлөрүнө чейин жайылтууну каалап жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. АКШлык Россия таануучу, Жоржтаун университетинин Евразия, Россия жана Чыгыш Европа мамлекеттерин изилдөө борборунун директору Анжела Стент РФ президенти Владимир Путин өз таасирин СССРдин мурдагы аймагына жайылтууну каалаганы менен Советтер Союзун калыбына келтирүүнү көздөбөйт деп эсептей турганын айтты. Анын пикирин РИА Новости жазды.
"Путин Улуу Россия державасын калыбына келтирүүнү каалайт. Ошол эле учурда СССРди кайра куруу максаты жок. Бул Россия лидери өз таасирин мурдагы СССРдин аймагына гана эмес, Польша менен Балтия өлкөлөрүнө чейин жайылтууну каалап жатканынан кабар берет", — деди Стент.
Ошондой эле ал Путиндин быйыл 70 жашка чыгарын эске салып, бул нерсени ал артына мурас катары таштап кеткиси келерин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Россия лидери СССРди калыбына келтирүү божомолдору боюнча бир нече жолу өз пикирин билдирген. Ал Советтер Союзун кайра жаратуунун пайдасы, мааниси жана мүмкүнчүлүк жок экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыш лидерлерин сынга алды