Радио

Сулайманов: көчкүнү алдын алуу үчүн тигилген бактардын 60 пайызы өсүп чыкты

ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов жер көчкү коркунучун алдын алуу иштери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Республикадагы көчкү коркунучу бар 4 554 аймактын 1 186сы жарандардын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу Асан Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, түздөн-түз калктуу аймактарга коркунуч жараткан 543 жер көчкү бар.
"Республика боюнча көчкү коркунучу бар 4 554 аймак эсептелет. Анын ичинен 1 186сы жарандардын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизип калуусу ыктымал. Ал эми 543 жер көчкү түздөн-түз калктуу аймактарга кооптуулук жаратат. Жер көчкүнү алдын алуу боюнча иш-аракеттер тынымсыз жүргүзүлүп келет. Маселен, учурда сынамык иретинде Өзгөндүн Зергер айыл аймагында көчкүнү түшүрүү боюнча долбоор иштелип чыгууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылат. Ага ылайык, атайын техникалар менен жер массасын башка аймакка жылдыруу каралууда. Мунун баары талданып, аныкталып ишке ашырылат. Эгерде ал натыйжа берсе анын кооптуулугуна жараша артыкчылык берилип, өлкө боюнча ишке ашыруу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, жер көчкүнү алдын алуу максатында 2014-жылдан бери жашыл долбоор иштеп жатат. Анын алкагында кооптуу аймактарга дарактарды отургузуу колго алынган. Учурда тигилген көчөттөрдүн 60 пайызы өсүп жатат", — деди Сулайманов.
Ошондой эле ал жашыл долбоордун алкагында быйыл 45 гектар жерге бак-дарактарды отургузуу сунушталып жатканын кошумчалады.