Өлкөдө оркестр топтору арасында республикалык сынак жарыяланды

Конкурска катышуу үчүн оркестр топтору чыгармасын 28-февралга чейин министрликтин Улуттук маданий борборуна тапшыруусу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өлкөдө оркестр коллективдери арасында республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Конкурс 3-4-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 5-майда болуп, ал сынакка катышкан оркестрдин гала-концерти менен коштолмокчу.
Конкурска катышуу үчүн оркестр топтору 30 мүнөттүк чыгармасын, өздөрү тууралуу мүнөздөмө менен кураманын тизмесин 28-февралга чейин министрликтин Улуттук маданий борборуна тапшыруусу зарыл. Катышуучулар "Маш ботой" менен "Эргиме" чыгармасын сөзсүз аткарышы керек.
Бирок сынактын шарты боюнча үч ири оркестр иш-чарага катыша албайт. Алар:
Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри;
Бишкек шаардык мэриянын алдында түзүлгөн эл аспаптар оркестри;
Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамбли.
Сынактын байге фонду — 800 миң сом.
Кошумча маалыматты Улуттук маданий борборунун (0312) 66-24-04 жана 0774 36 95 10 номерлери аркылуу алууга болот.
Кыргызстандын аялдары үчүн ири сынак жарыяланды. Жол-жобосу